«Элиталык импорттук продукция» делген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүүнүн, жасалмалоонун жана сатуунун кылмыштуу схемасы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери базарда премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка 312» ЖЧКсынын негиздөөчүсү 37 жаштагы КР жараны 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен тил табышып, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы, эксклюзивдүү продукциялар катары тариздеген. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан. Европадан италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар болгон. Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болгон.
Тинтүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар жана массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
Бишкек шаарынын кампаларында жасалма продукциялардын ири партиялары аныкталып, кармалгандан кийин УКМК тарабынан мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү иштери демилгеленген. Жараксыз таңгактар жана тамак-аш калдыктары атайын өрттөөчү жайда өрттөлөт же атайын полигонго көмүү жолу менен жок кылынат.
УКМК жана Жаратылыш ресурстары министрлиги Кыргызстан — чет өлкөлүк жарактан чыгарылган азык-түлүктөрдүн таштандысы эмес. Мөөнөтү өтүп кеткен товарларды «премиум» үлгүсүн колдонуп жашыруу аракеттери, өлкө жарандарынын ден соолугуна каршы жасалган кылмыш катары саналаарын эскертет.




