Дүйшөмбүдө күндүз республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас аймагында 9…14, Ош, Жалал-Абад облустарында 12…17, Баткенде 11…16, Ысык-Көл жергесинде 4…9, Нарын өрөөнүндө 2…7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада 11…13, Ош шаарында 14…16 градуска көтөрүлөт.