7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШдан келген байкоочулар тобу Кыргызстанда өткөн шайлоого баа берди

13

Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо ачык, адилеттүү жана демократиялык нукта өттү. Бул тууралуу Көз карандысыз мамлекеттердин байкоочулар тобунун жетекчиси, КМШ баш катчысынын орун басары Игорь Петришенко билдиргенин РИА маалымат агенттиги жазды.

«Байкоочулар миссиясы Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда дайындалган парламенттик шайлоо өлкө Конституциясына ылайык ачык, атаандаштык негизде, демократиялык шайлоонун тиешелүү принциптерине шайкеш өткөрүлдү деген жыйынтыкка келди», — деп билдирди Петришенко.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Жаңы система менен өлкө 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланды. БШКнын маалыматында 4,3 миллион кыргызстандык шайлоо укугуна ээ болуп, жалпысынан 460 талапкер ат салышты.

Соңку маалымат боюнча, шайлоодо 1,6 миллион адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 36,9 пайызын түздү.

 

 

 

 

 

 

 

 

14