7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо: №24 округдагы баштапкы жыйынтык өзгөрүп, талапкер Карыбек уулу 2-орунга чыкты

17

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча №24 шайлоо округунан талапкер Улукбек Карыбек уулу 2-орунда баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы эсепке караганда, Карыбек уулун аралыктан шайлаган 1320 жарандын добушу буга чейинки жыйынтыкты өзгөрттү.

30-ноябрдын алдын ала жарыяланган жыйынтыгында бул округдан 1-орунда Жумабек Салымбеков, экинчиде 5489 добуш менен Арафат Исмаилов бараткан. Соңку жыйынтыкка ылайык, Карыбек уулунун аралыктан жана автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алган добушу 6 миң 159, ал эми Исмаиловдуку 5 миң 739 болду.

Ал эми 3-орунда Гүлнара Акимбаева 3 миң 520 добуш менен баратат.

Бул алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алынган маалымат жана юридикалык күчкө ээ эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы кол санак бүткөндөн кийин чыгарылат.

Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, журналист. Ал буга чейин телеканалдарда иштеп, соңку кездери блогерлик менен алектенип, социалдык маселелерди көтөргөн берүүлөрдү тартып келет.

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү 20:00дө аяктады.

Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет өлкөлөрдө 100 тилке ачылды.
БШК билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышты.

18