7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Чет өлкөлөрдө добуш берүү толугу менен аяктады

15

Жогорку Кеӊештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алкагында чет өлкөлөрдө добуш берүү толугу менен аяктады. Чет мамлекеттердеги шайлоо процессинде мекендештерибиз жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп, добуш берген жарандардын саны жана участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) саны боюнча эң натыйжалуу шайлоо жараяндарынын бири болду.

Өнөктүктүн алкагында чет мамлекеттерде мурда болуп көрбөгөндөй сандагы шайлоо тилкеси ачылды, атап айтканда, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу иштеди. Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады. Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык чет өлкөлүк УШКлардын иши расмий түрдө соңуна чыкты. Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы, ал эми эң акырында Сан-Франциско шаарындагы тилкенин эшиги жабылды.

Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы саны 26 066 адамды түздү (буга чейинки, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо 9 826 жаран добуш берген).

Добуш берүү процедурасы азыркы мыйзамдарга ылайык, тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчилик жана жигердүүлүк көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.

16