Бишкектеги жаңы стадиондун расмий аталышы «Азаттык Арена» эмес «Бишкек Арена» болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирет.
«Кудайым буюрса, 2026-жылдын август айында өлкөбүздүн тарыхындагы эң ири жана заманбап стадион толугу менен курулуп бүткөнү турат.
Башында стадиондун аталышы «Азаттык Арена» деп бекитилген болчу. Бирок урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш «Бишкек Арена» болуп расмий түрдө өзгөртүлдү.
Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ.
2026-жылы август айында боло турган салтанаттуу ачылыш — жалпы элибиз үчүн унутулгус тарыхый күн болот.
Алдыда чоң иштер, чоң жеңиштер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр турат!», — дейт Туманбаев.



