7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Биримдик кербени» долбоору старт алууда

0

Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Биримдик кербени» аймактык маданий долбоору старт алууда.

«Биримдик кербени» долбоору — Кыргыз Республикасы үчүн суунун жашоодогу баалуулугун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы символикалык маанисин баса белгилеген улуттук Суу Эстафетасы.

Долбоор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, маданий мурастын байлыгын чагылдырып, улуттук биримдик идеясын бекемдейт. «Биримдик кербени» калкты VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкка алдын ала тартып, ар бир аймакка эл аралык иш-чарага өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоорду ишке ашыруунун этаптары:

1. 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстандын бардык региондорунда тандоо иш-чаралары өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталат:

⦁ Региондордун Баатырлары — өлкөнүн ар бир аймагын өкүлчүлүк кылуучу каарман жигиттер;

⦁ Элчилер — региондун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон белгилүү жана көрүнүктүү инсандар;

⦁ Суу алуучу булак — аталган аймактагы эң белгилүү суу булагы (көл, дарыя, булак ж.б.).

2. 2026-жылдын июнь айында Башкы Баатыр Хан-Теңири чокусунун мөңгүлөрүнө көтөрүлүп, кыргыз элинин биримдигин туюндурган Башкы Көөкөрдү мөңгү суусу менен толтурат. Бул этаптан кийин Көөкөр Бишкек шаарындагы суу сактала турчу Башкы аянтчасына жеткирилет.
Ошону менен бирге, 2026-жылдын июнь айынан тартып бардык аймактарда белгилүү булактардан Көөкөрлөрдү суу менен толтуруу аземдери жана ошол менен байланыштуу салтанаттары өткөрүлөт. Аталган аземдерден соң Көөкөрлөр өз аймактарындагы Суу сактала турчу аянтчаларга коюлуп, тургундар жана коноктор үчүн ачык болот.

3. 2026-жылдын 15-августуна чейин аймактардын Баатырлары Көөкөрлөрдү Бишкек шаарына алып келип, суу сактала турчу Башкы аянтчага жайгаштырышат. Ал аянтча коноктор үчүн ачык болот.

4. 2026-жылдын 31-августунда, VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтчү күнүндө, Башкы Баатыр, аймактык Баатырлар жана Элчилер салтанаттуу Кербен курамында «Азаттык-Арена» стадионуна багыт алышат.

Ачылыш аземинде Кыргызстандын бардык аймактарынан Көөкөрлөр камтыган суулар, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары алып келген суулар бириктирилет. Бул иш-чара дүйнө элдеринин ортосундагы биримдикти, ынтымакты жана өз ара урмат-сыйды даңазалаган азем болуп саналат.

1