№26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына жана укук коргоо органдарына кайрылып, буга чейин ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылды.
“20 күндө эки чоң мыйзам бузуу аныкталып, бири Бишкек шаарында талапкер 80 миң доллар таратып жаткан жеринен кармалды жана шайлоодон четтетилди.
Экинчи чоң мыйзам бузуу Кемин районундагы Калмак-Ашуу айылында 5-6 киши 460 миң сом менен кармалды. Кызыгы, бул аягына чыкпай, анын ээси жоктой эле болуп калды.
Күч органдары, бийлик, БШК элдин таза шайлоого ишенимин актайм десе, күнөөлүүнү таап, шайлоодон четтетет. Бул адилеттүү жана таза чечим болот”, — деген Абакиров. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бул билдирүү боюнча Ички иштер министрлиги тергөө жүргүзүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоо органдары анын жыйынтыгын БШКга берген соң каралып, чечим кабыл алынат.
Абакиров айткан окуя боюнча социалдык тармактарга видео тараган. Анда 5-6 адам кармалып, алынган акча эсептелип жатканын көрүүгө болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.



