7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзамсыз курулуп жаткан ашкананын ээсине 200 миң сом айып салынды

284

Баткенде мыйзамсыз курулуш боюнча эскертүү берилип, айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө курулуп жаткан ашкананын 2-кабаты боюнча тиешелүү архитектуралык документтери жок курулуш-монтаждоо жумуштары башталгандыгы, мындан тышкары техникалык коопсуздук эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада ашкананын ээси Н. Алимжановго карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле административдик протоколдун негизинде 200 000 (эки жүз миң) сом айып салынды. Мындан сырткары, ашкананын экинчи кабатындагы курулуш иштери боюнча тиешелүү документтерди алуу талабы коюлду.

285