“Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы Австриялык SkiMIS компаниясы менен кызмат көрсөтүү келишимине кол койду.
Заманбап кышкы туристтик дестинацияларды өнүктүрүү жана натыйжалуу иштетүү үчүн жеке консалтинг кызматтарын аткарып келген компания эми бир жыл бою Борбор Азиядагы ири курортто кирүү-чыгуу системалары сыяктуу зарыл болгон бардык курулуш кызматтарды уюштурат. Курорттун архитектуралык, техникалык, операциялык жактарын биргелешип пландап, оптималдаштырууга жардам берет.
Компания тажрыйбалуу жана эл аралык стандарттарга ылайык иштегендиктен “Ала-Тоо Резорт” жаңы курортун профессионалдуу туристтик объектке айландырууга мүмкүн болот.
Мамлекет жана мамлекет башчысы Садыр Жапаров колдоого алган “Ала-Тоo Резорт” тоо-лыжа курортунун долбоорунун алкагында SkiMIS концептуалдык долбоорлоо, операциялык пландаштыруу жана чечимдерди ишке ашыруу боюнча кеңири экспертизасын практикалык, көз карандысыз жана натыйжага багытталган форматта берет.
Компания салттуу кеңешчи катары эле эмес, эл аралык стандарттарга дал келген курортту курууга бардык керектүү жардамды берүүдөн баштап, күнүмдүк ишмердүүлүктөгү процесстердин, системалардын жана структуралардын эффективдүү иштөөсүн камсыздайт.
Мындай жагдай эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу менен туруктуу, экономикалык жактан ийгиликтүү жана толук кандуу иштөөгө даяр тоо-лыжа курортун түзүүгө өбөлгө түзөт.




