Өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өрттөн жабыркаган 22 үй-бүлөгө мэрдин резервдик фондунан 50 миң сомдон жардам көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, турак жай үчүн компенсация маселеси мыйзам чегинде гана жөнгө салынат жана мамлекеттик камсыздандыруу механизмдери аркылуу ишке ашат. Жалпы жабыркагандардын ичинен беш батир камсыздандырылган, так ошол батирлердин ээлери белгиленген тартип боюнча компенсация ала алышат.
Учурда жабыркаган үй-бүлөлөрдү андан ары колдоонун ар кандай жолдору каралууда. Жайгаштыруу, кошумча жардам көрсөтүү жана мамлекеттик түзүмдөр, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттенүү маселелери белгиленген тартипте каралат.



