Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы дээрлик толугу менен БАЭде өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу федерациядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 13 спортчунун ичинен 10у виза ала алган эмес.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясы дүйнө чемпионатына 13 катышуучуну расмий түрдө каттаган жана виза алуу үчүн бардык талап кылынган документтер IBA уюштуруучуларына тапшырылган. Бирок көпчүлүгүнө виза берүүдөн баш тартылган. Дубайга эки мушкер жана бир машыктыруучу гана жөнөп кетти.
Турнирде Кыргызстандык Омар Ливаза (63,5 кг чейинки салмак категориясы) жана Алмаз Орозбеков (67 кг чейинки) көрсөтөт.
Эркектер арасындагы мелдеш 2-декабрдан 13-декабрга чейин өтөт. Байге фонду 8 миллион АКШ долларын түзөт. Ар бир салмак категориясы боюнча чемпион 300 миң доллар, күмүш медаль ээси 150 миң доллар, коло медаль алгандар 75 миң доллардан, ал эми бешинчи орун 10 миң доллар менен сыйланат.



