Бишкек шаарында бейбаштыкка шектелген чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБ кабарлады.
Милициянын айтымында, окуя 2025-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарынын «Рухий Мурас-1» көчөсүндө чет элдик жарандар тарабынан бычак менен жаракат алуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранышкан. Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
“Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, 19 жана 20 жаштагы чет элдик жигиттер СИЗО-1ге киргизилип, тергөө иштери уланууда.



