7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкор районунда жаңы спорт комплекс курулууда

12

Кочкордогу жаңы спорт комплекстин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай министрлиги кабарлады.

Маалым болгондой, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кочкор районунун С. Алиев көчөсү 3 дарегинде курулуп жаткан жаңы спорт комплекстин курулушу менен таанышты.

Бүгүнкү күндө спорт комплекстин пайдубалы куюлууда. Комплекстин жалпы аянты 1320 чарчы метр.

Долбоорго ылайык, 230 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу спорт комплекстин сыртында кичи футбол аянтчасы жана атайын жашыл аймак курулат. Ал эми ичинде көрүүчүлөр үчүн орундуктар, негизги зал, машыктыруучулардын бөлмөсү жана оюнчулардын кийинип-чечинүүчү бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле долбоор боюнча автоунаа токтотуучу жай да бар.

Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, объекттини белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы спорт комплекстин курулушу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, быйыл октябрь айында башталган.

13