7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медайымдар балдардын кан тамырын эми теринин сыртынан сканерлей алышат

3

Эне жана баланы коргоо борборунун онкология бөлүмүнө Кызыл Жарым Ай коому веновизор белекке берди. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетекчиси Султан Стамбеков өзүнүн баракчасына бөлүштү. 

«Бүгүн биздин мекемеде жагымдуу жаңылык болду — медайымдарыбыз Кызыл Жарым Ай коомунан веновизор аппаратын белекке алышты. Бул жабдуунун берилиши биздин ишибиз үчүн маанилүү колдоо болуп саналат. Веновизордун жардамы менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык процедуралар алда канча так жана оорутпай жүргүзүлөт. Ошондой эле бул медайымдардын күнүмдүк ишин жеңилдетип, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Көрсөтүлгөн көңүлү жана колдоосу үчүн Кызыл Жарым Ай уюмуна ыраазычылык билдиребиз. Бул белек — медициналык кызматкерлерге болгон сый-урматтын жана ишенимдин белгиси». «Кимдир бирөө үчүн бул жөн гана болсо, биз үчүн чоң колдоо. Балдар азыраак ыйлайт, медайымдар тынчыраак иштейт», — деди Стамбеков.

Веновизор – тамырды так көрсөткөн атайын жабдык. Балдардын тамырын дароо таап дары сайганга ылайыкташкан.

 

4