7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдарынын күжүрмөн даярдыгы текшерилди

205

КР Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарында өзүнчө-штабдык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуунун максаты — Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн борбордук аппараттарынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын штабдарындагы башкаруу пункттарын жайгаштыруу жана алардын ишин уюштуруудагы милдеттерди үйрөнүү болуп эсептелет.

Иш-чаранын жүрүшүндө башкаруу органдарынын жетекчилиги жана кызмат адамдары Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары менен бөлүктөрүн жогорку күжүрмөн даярдык абалына келтирүү, башкаруу пункттарын жайгаштыруу, кызматтык милдеттерди аткаруудагы көндүмдөрдү өркүндөтүү жана штаб ичиндеги биргелешкен аракеттерди координациялоо боюнча маселелерди иштеп чыгышты.

206