7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сиз ушуга татыктуусуз…» Пакистанда президент Садыр Жапаровго болгон сый-урмат

236

3-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Пакистанга иш сапары менен барды. Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын урматына 21 жолу замбирек атылган.

«Пакистанга мамлекеттик сапар менен барган Президентибиз Садыр Жапаровду аэропорттон бул өлкөнүн Президенти Асиф Али Зардари өзү, андан тышкары Премьер-министри Шахбаз Шариф чогуу тосуп алышты. Мамлекет башчыбыз жогорку жетекчилер менен учурашып, Пакистанга келгенине кубанычта экенин билдирип, аэропорттон бир эле учурда Пакистандын Президенти да, Премьер-министри да тосуп алганына кызыкты. Пакистан жетекчилиги Президент Садыр Жапаровдун мындай урмат-сыйга татыктуу экенин баса белгилешип “Сиз ушуга татыктуусуз!” дешти. Чындыгында эле мындай жагымдуу көрүнүш элибизге да, эл аралык коомчулукка да кызыктуу болсо керек. Мен дагы Пакистандын Кыргызстандагы Элчиси Алтамаш Вазир Хандан тосуп алуу салтанаты боюнча сураганымда, ал жогорку даражалуу мейманды аба майданынан бир учурда Президент да, Премьер-министр да тосуп алгандыгы сейрек көрүнүш экенин, мындай көңүл буруу ошол мейманга болгон жогорку сый-урматтын белгиси катары бааланаарын айтты»,- деп жазган Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбуктагы баракчасына.

 

 

237