7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таш-Көмүрдө 11 га жерге күн электр станциясы курулууда

10

Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жерге 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев станциянын курулуш иштеринен кабар алды.

Аталган объект Жалал-Абад облусунда алгач ирет ишке ашырылып жаткан ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоор GRK Solar Energ компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоордун наркы 20 млн долларды түзөт.

Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул долбоор энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү менен катар, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чечим экендигин белгиледи.

11