«Тазалык» муниципалдык ишканасы кадр жетишсиздигинен Пакистандын жарандарын ишке ала баштагандыктарын ишкана директору Жолдошбек Чуштуков шаардык кеңеште өткөн жыйында билдирди.
Андан сырткары эл таштанды менен иштегенди каалабагандыктан, 80-90 миң сомдук айлыкка келбей жаткандыгын айтты. Ишкананын жетекчиси мекемеде кадр тартыштыгы болуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, техника бар, бирок айдоочу жок, ал табылса, жүк ташуучу жетишпейт. Маалыматка таянсак, ишкана 50дөн 100гө чейин сандагы жүктөп иштеген жумушчуга муктаж. Кадрдын тартышыгын азайтуу үчүн 10 жүктөөчү орунга пакистандыктар алынып, иштеп жатышат.
«Мүмкүн болгон жерлерге — социалдык тармактарга, телевидениеге, «Аламүдүн», «Орто-Сай», «Ош» базарларына, радиотүйүндөргө жарнама бердик. Орточо айлык 40-45 миң сом.
Күнү-түнү көп тонна жүк чогулткандар 80-90 миң сомдой алышат. Ошого карабай бул жумушта иштегиси келгендер аз. Эл жөнөкөй эле айтканда, таштанды менен иштегиси келбей жатат», — деди Чуштуков.



