7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орто-Сай – Флагшток унаа жолуна асфальт басылууда

166

Аламүдүн районундагы Орто-Сай – Флагшток унаа жолуна асфальт басылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жаңыланууда.

Учурда №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2,6 чакырым аралыкка асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аткарылууда. Аны менен катар тротуар салуу жумуштары жүрүүдө. Алдыда асфальттын экинчи катмары басылат.

Долбоордо жарыктандыруу, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотуу, унаа токтотуучу жайлар менен жарандардын токтоп, панорамалык көрүнүштөргө көз чаптыруусуна шарт түзгөн аянтчалар каралган.

Белгилей кетсек, бул жол мурда өтө начар абалда болуп, каттам үчүн кыйла түйшүктүү эле. Каттам жаңыланса Орто-Сай айылынын тургундарына гана эмес, флагшток багытына эс алууга баргандар үчүн жакшы шарт түзүлөт.

167