7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандарга айып салынат

119

Кыргызстанда жүрүү тартибин бузган казак жарандарына айып пул салынат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Улан Керимкулов маалымат жыйынында билдиргенин Кабар маалымат агенттиги жазды.

Анын айтымында, ИИМ Кыргызстандагы миграциялык мыйзамдарга ылайык, өлкө аймагындагы укук бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Бул чаралар Казакстан жарандарына да бирдей каралат.

“Эгерде Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн жана тартибин бузса, аларга КР Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси боюнча чара көрүлөт.

Эрежелерге ылайык:

  • мыйзам бузуу 1 айга чейин болсо — 5 миң 500 сом айып салынат;
  • 1 айдан 2 айга чейин — 10 миң сом;
  • 2 айдан 6 айга чейин – 17 миң 500 сом;
  • 6 айдан 1 жылга чейин мыйзам бузса — 20 миң сом айып пул каралган”,-деп белгиледи ал.

Муну менен катар ал жарандарды белгиленген миграциялык эрежелерди сактоого чакырып, Кыргызстанга кандай максатта келбесин, мыйзамдуу жүрүү жана укуктук абалды өз убагында жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

120