Жасалма интеллектин технологиясы менен жасалган жол кыймылын жөнгө салуучу робот полиция иштей баштады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Мындай роботтор унаалардын агымын өздөрү башкарып, айрыкча эрежени бузган айдоочуларга эскертүү беришет.
Роботтун системасы жол чырактарга туташтырылган жана алардын сигналдарына жараша иштөө режимин өзгөртө алат.
Ал жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөргө үн аркылуу эскертүүлөрдү берип, жол белгилерин көзөмөлдөйт.
Компьютердик көрүү модулу аркылуу велосипедчендерди жана башка моторсуз колдонуучуларды таанып, эреже бузууларды аныктай алат.
Азырынча бул роботтор Ханчжоу жана Шанхай шаарларында сыноодон өтүүдө. Өкмөт бул технологияны бүт өлкө боюнча киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.



