7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда жол ачык

19

Бүгүн, 12-декабрь өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар, чектөө жок деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.

Барскоон–Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда күн ачык, жол ачык. Каракол–Эңилчек унаа жолуна түшкөн кар көчкү жол тейлөө кызматтары тарабынан тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта кеңейтүү иштери жүрүүдө

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 53-61-чакырымдар аралыгында жасалма тыгын жаралып, № 959 Жол тейлөө ишканасынын ыкчам аракети менен кырдаал жөнгө салынды. Азыркы тапта эки тараптуу каттам бар, жол ачык.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол ачык.

Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

20