7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акаев саламаттыкты сактоо министрин кетирүүнү сунуштады, а министр «Акаев менден өч алууда» дейт

1651

Жогорку Кеңештин депутаты, Жанар Акаев «Уу коргошун» темасынан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу керектигин сунуштоодо.

«Министр А.Бейшеналиевди кызматтан кетирүү жана ордуна сабаттуу, компетенттүү министр дайындоо тууралуу сунушумду тиешелүү комитет 100% колдоду. Эми кеп өкмөт башчыда калды. Табыпчылыкты пропаганда кылган киши медицина тармагын жетектөөгө укугу барбы?«,-деп жеке баракчасына билдирүү калтырган.

Бул маалымат таркаган соң, сламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да жооп берди. Кызыга ал, депутат Жанар Акаевди өзүнөн өч алат деген ойдо. Ал мындайпикирин  «Super.kg» порталына билдирген.

«Мени кет дешсе кете берем. Силер да кет десеңер кете берем. Жанар Акаев өзүнүн жардамчыларынын бирин «башкы дарыгер кылып кой» дегенде койбой койгом. Ал өч алайын деп жатат. Мен кайсы депутат өз кишилерин кызматка коюп бер деп суранганын айтам. Анан депутаттар менден көрөт. Бактыбек Райымкулов дагы өзүнүн тааныштарын кызматка коюп бер деп суранган. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам», — деп жазылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1652