Жогорку Кеңештин депутаты, Жанар Акаев «Уу коргошун» темасынан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу керектигин сунуштоодо.
«Министр А.Бейшеналиевди кызматтан кетирүү жана ордуна сабаттуу, компетенттүү министр дайындоо тууралуу сунушумду тиешелүү комитет 100% колдоду. Эми кеп өкмөт башчыда калды. Табыпчылыкты пропаганда кылган киши медицина тармагын жетектөөгө укугу барбы?«,-деп жеке баракчасына билдирүү калтырган.
Бул маалымат таркаган соң, сламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да жооп берди. Кызыга ал, депутат Жанар Акаевди өзүнөн өч алат деген ойдо. Ал мындайпикирин «Super.kg» порталына билдирген.
«Мени кет дешсе кете берем. Силер да кет десеңер кете берем. Жанар Акаев өзүнүн жардамчыларынын бирин «башкы дарыгер кылып кой» дегенде койбой койгом. Ал өч алайын деп жатат. Мен кайсы депутат өз кишилерин кызматка коюп бер деп суранганын айтам. Анан депутаттар менден көрөт. Бактыбек Райымкулов дагы өзүнүн тааныштарын кызматка коюп бер деп суранган. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам», — деп жазылат.