Ушу тапта жакшы кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров депутаттардын ант берүү аземинде билдирди.
Ошол себептен улам 2023-жылы атайын жарлык менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” мектеби ачылган.
“Бул мектеп өзгөчө мектеп. Бардык облустардан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго жөнөтүү менен кесипкөй адистерди чыгаруу максатында окутуп жатабыз. Алар ЖОЖду бүтүп келгенден кийин мамлекет милдеттүү түрдө кызматка алат. Бул тууралуу мыйзам кабыл алып, кол коюп, азыртадан эле күчүнө киргизип койдук. Себеби, кийин тиешелүү мыйзам жок, же адаттагыдай эле орун жок деген шылтоо менен жумушсуз калып, чет өлкөгө мигрант болуп кетпесин деп алдын алдык. Биз казынадан миллиарддаган акчасына мамлекеттин келечектеги кадрларын окутуп жатабыз. Буйруса 7 облуста тең акылман лицейи курулат. Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда акылман лицейи курулуп жатат. Алдыда Ош, Чүй, Баткен, Нарын облустарында курулат. Ар бир лицейде 300дөн окуучу окуйт. Биз 22-кылымдын мамлекеттик кадрларын даярдап жатабыз”, — деди президент.



