7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров VIII чакырылыштагы ЖКнын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөдү

23

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү да катышты.

Алгач БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырды, андан соң жаңы шайланган депутаттар ант беришти.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттары!

Эң алды менен калың элдин элегинен өтүп, Жогорку Кеңешке шайланып, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, эл өкүлүнүн ишмердигине киришип жатышыңар менен чын дилимден куттуктаймын! Берген антыңарга бекем турушуңарды тилеймин. Эл үчүн, мамлекет үчүн чын ниеттен иштеп бересиздер деп терең ишенемин. Бүгүн мен сиздердин алдыныздарга келип, сөз сүйлөп жаткан себебим, биринчиден, бул парламент жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламентсиңер. Экинчиден, сиздерди ант берүүңүздөр менен куттуктап, алдыда кандай кызматташууларга барабыз, мына ушуларга азыноолак токтоло кетүүнү эп көрүп турам. Сөзүмдүн башында Кыргыз парламентинин тарыхына бир аз токтоло кетүүнү туура көрдүм.

Эгемендик декларациясын кабыл алган, “легендарлуу парламент” деген ат менен тарыхта калган мыйзам чыгаруу органы Кыргызстанды демократиялуу өнүгүү жолуна салып бергендигин, аны менен катар жаңы Конституция кабыл алынып, өлкөбүздүн мыйзам чыгаруу органы азыркы аталышына – Жогорку Кеңеш деп өзгөргөндүгүн жакшы билесиздер.

350 депутаттан турган бул парламент өткөөл мезгилде тоталитардык режимди бузуп, эгемен Кыргызстандын саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алышкан. Тилекке каршы, ошол мезгилдеги бийлик менен Парламенттин ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктер бул парламентти мөөнөтүнөн мурда тарашына алып келген. 1995-жылы 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш, 2000-жылы эки палаталуу парламент болуп өзгөрүп – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны болуп калган. Андан кийин кайрадан мыйзамдар өзгөрүп, 2005-жылы бир мандаттуу округдардан бир палаталуу 75 депутат шайланып келишти. Мен дагы ошол парламентке шайланып, биринчи жолу депутат болгом.

Саясаттагы өмүр жолум ошол учурдан башталып, көп саясый окуяларга күбө болуп, саясаттын күнгөй-тескейин ажыратып таанып, тажрыйба топтой баштагам.

Билесиздер, бул 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти 2007-жылы күздө ошол кездеги президент Бакиев тараткан эле.

Андан соң Баш мыйзам дагы өзгөрүп, ошол эле жылы партиялык система менен жаңы парламент шайланып келди.

Бирок ал дагы көпкө узаган жок.

2010-жылы революция болуп, бул парламент дагы тарады. Баш мыйзам дагы бир жолу жаңыртылып, 2010-жылы өлкөбүзгө парламенттик башкаруу системасы орноду. Бул система орногондо тажрыйбанын жоктугунан уламбы, же жеке кызыкчылыктар үчүн мүмкүнчүлүктөргө жол чабылдыбы, айтор, саясий коррупциянын арааны ачылды. Партиянын тизмесиндеги биринчи ондуктун ар бири миллион долларга чейин сатылган учурлар болду. Мына ошол учурда, 2010-жылы, “Ата Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Мыйзам чыгаруу органынын ичинде кайнап, толгон-токой башаламандыкка, саясий коррупцияларга өз көзүм менен күбө болдум. Ошол кездеги Жогорку Кеңешке өткөн партиялар бири-бири менен соодалашып, өлкөнү үч партия үчкө бөлүп кетти. Анткени Баш мыйзам ушундай түзүлүп калган эле. Кызмат орундары соодалашуунун предметине айланып калган.

“Биздин партияга чуркаган” деген түркөй принцип менен диплому жок тарапташтар деле ар кайсы мекемелерге жетекчи, аким, мэрлер болуп дагы дайындалышты. Кадр таптап өстүрүү дегенге таптакыр маани берилбей, кадр саясаты мурдакыдадан да болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди. Кызматтар кызылдай акчаларга сатылып, чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Муну эч качан жашыра албайбыз. Анткени бул – ачуу чындык! Саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түшүп кетти.

Министрлер, Премьер-министр баш болуп Президентке эмес, Жогорку Кеңештеги фракцияларга баш ийишет эле. Ар бир депутат Өкмөттүн, министрлердин үстүнөн өзүнчө эле Президент болуп калышкан. Себеби өкмөт менен министрлерди депутаттар кызматка коёт эле. Анан кантип мамлекеттин иши алдыга жылмак?!

Ошентип, өлкөбүз 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот. Тилекке каршы, мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди. Жыйынтыгында өзүңүздөр билгендей, мамлекетибиз чачырап кете жаздады. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды. Партиялык тизмелер менен Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты. Шайлоо дегенде жамы журт иренжиген акыбалга кептелди.

Эгемендик алгандан тарта сөзүбүз менен ишибиз айкалышпай, эл арасында таасирин күчөтүү, упай топтоо үчүн саясатчыларыбыз, айрым депутаттарыбыз, популисттик билдирүүлөрдү жасоо менен алек болушту.

Ушул менин билдирүүм мамлекеттин эл аралык мамилелерине залакасы тийип калбайбы деп ойлошпой, өзүнүн пиарын жасап, элге жакшы көрүнүп алсам болду деген саясатчылар дагы болду. “Тиги депутат кыйын экен, бетке айтты, бул депутат кыйын экен, түкүнчө министрди жарга такады” деп, өз рейтингин гана көтөргөн пиарга жетиштик. Ошондой саясатчыларды көргөн кийинки муун куру кыйкырык, куу сүрөөнгө жетеленип, популист, демагог болуп тарбияланып чыгуу коркунучуна туш болду. Мамлекеттин өнүгүшүн, келечегин, эл аралык кадыр-баркын ойлогон, аны иш жүзүндө далилдеп аракет кылгандар абдан эле суюлуп, андан сырткары элибиз да кайдыгер абалда болуп, эч кимге ишенбей калды. Мыйзамдарды жеке кызыкчылыгы үчүн жазган депутаттар болду.

Алар аз келгенсип айрым депутаттар акча үчүн чет өлкөлүк кызматтардын кызыкчылыгына, айрым депутаттар болсо өзүбүздүн эле олигархтардан өтө чоң суммада акча алып алардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды жазып, кабыл алып берген учурлары да болгон. Муну биз азыр саясий коррупция деп атап жүрөбүз. Мына ушунун баарына араңарда көптөн бери депутат болуп келе жаткан менин мурдагы кесиптештерим күбө. Жаңы келген депутаттар сурасаңыздар, алар айтып беришет кимдер экенин. Эми урматтуу депутаттар, муун алмашып, заман өзгөрүп жаткан өткөөл маалда жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү. Силерден суранарым, жогорудагыдай жагымсыз, мыйзамсыз, ыплас иштерди сиздер кайталабасаңыздар. Ар бириңиздерден мамлекетчил болушуңуздарды суранаар элем. Жалпы элдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн иштеп бериңиздер.

Урматтуу депутаттар!

Өнүккөн өлкөлөрдү айтпай эле коёлу, Эгемендик алгандан бери кошуна өлкөлөрдөн артта калганыбыздын бир себеби – бул кадр саясаты болгон! Эгемендик алгандан бери кадр өстүрүү маселеси таптакыр токтоп калган. Мамлекеттик кызматтарга жогору жакта тааныш-билиши же жакын туугандары болсо гана орношо алышчу. Ал кызматкерлер ошол кызматка татыктуубу же жокпу ал меселе эч кимди кызыктырчу эмес. Ошентип жүрүп олтуруп, Эгемендик алгандан бери иш билги, кесипкөй кадрлардын баарын чет өлкөлөргө качырып алдык. Ушу тапта жакшы кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатат. Ошол себептен 2023-жылы атайын Жарлык менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” мектебин ачтык. Бул мектеп – өзгөчө мектеп. Бардык облустардан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга жөнөтүү менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутуп жатабыз. Алар жогорку окуу жайларды бүтүп келгенден кийин мамлекет милдеттүү түрдө кызматка алат. Бул тууралуу былтыр мыйзам кабыл алып, кол коюп, азыртадан эле күчүнө киргизип койдук.

Себеби, кийин тиешелүү мыйзам жок, же адаттагыдай эле “орун жок” деген шылтоо менен бул мектепти бүтүп чыккан билимдүү балдар-кыздарыбыз көчөдө калбасын, же чет өлкөлөп, мигрант болуп кетпесин деген план менен мыйзам кабыл алдык. Анткени биз аларды бүгүнкү күндө мамлекеттик казынадан миллиарддарды коротуп, мамлекетти башкаруунун келечектеги кадрлары кылыш үчүн окутуп жатабыз. Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздар окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот. Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300дөн кем эмес балдар-кыздар окушат. Биз азыртадан баштап 22-кылымдын кадрларын, Мамлекетибиздин келечегин колго алчу кадрларды даярдап баштадык десек болот. Келечекте ушул мектептерди жана башка дүйнөдөгү эң алдыңкы Жогорку окуу жайларды бүтүрүп чыккан билимдүү, жаңы муундагы улан-кыздарыбыз келип, азыркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жаткан бизди, эски муундагыларды, 30-40 жыл дегенде араң толук алмаштырып бүтөт экен.

Ушул сыяктуу багыттарды азыртадан баштап колго алып, кадр маселеси боюнча келечектүү мамлекеттик саясатты жүргүзүп жатабыз. Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле. Ал убакта парламенттик система болчу. Баары фракцияларга, депутаттарга баш ийишчү. Депутаттар дагы Министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, “баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле” же “жакыным эле” деп буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришет эле. Мына ушундай туура эмес жолго сиздер түшпөсөңүздөр деп суранат элем. Туура, идеалдуу жетекчилер жок, баарыбыз жаңылышабыз. “Иштебеген киши жаңылышпайт” деген сөз бар элибизде. Олуттуу кемчиликтери болсо сындагыла, сындан адам оңолот.

Ошол эле маалда силер сындаган жетекчилердин коррупциялык иш-аракеттери же мамлекеттин казынасына кол салган учурлары болсо, ачык далилдер менен айтып чыккыла. Биз силерге рахмат деп гана айтабыз. Коррупция кылган чиновник болсо ким болбосун, аларды биз аябайбыз. Тескерисинче, биз өзүбүз коррупционерлер менен уурулардын артынан сая түшүп, жазалап жатабыз. Аны баарыңыздар эле көрүп жүрөсүздөр.

Эгер коррупционерлердин бетин ачып берген болсоңор, биз албетте, кош колдоп колдойбуз. Бирок жогоруда айтканымдай, министрлерге же башка мамлекеттик кызмат жетекчилерине чалып, “муну жумушка коюп кой, алып кой” деп кысым көрсөтүүнү токтотсоңуздар. Эгерде сиздердин колуңуздарда төгөрөгү төп келишкен кесипкөй кадр болсо, Кадрлар резервине катталууга жөнөтүңүздөр. Ушу тапта Бирдиктүү кадрлар резервинде 590 адис катталып турат. Биз бошогон орундарга алардын арасынан сынак аркылуу иргеп алып жатабыз. Тааныш-билиш менен кызматка орношуу жолун таптакыр жок кылганга чейин ушул аракетибизди уланта беребиз. “Акылман” мектептеринин бүтүрүүчүлөрү келгенге чейин мына ушундай тандоо жана конкурс жолдору менен барабыз.

Урматтуу депутаттар!

Депутаттардын дагы бир көндүм адат болуп келген терс көрүнүшү тууралуу айта кетейин. Министрлер Кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. Маселен, “Менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтүүлөр болгонун өз көзүм менен көрүп жүрөм. Ошентип, натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон экен. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Эми карап көрүңүздөр, 1 км асфальт басчу жерге канчалаган техникалар тартылат. Канчалаган кум-шагылдар, канчалаган асфальттар алыстан ташылып барат. Ошентип, 1 км жол салуунун наркы 2-3 эсеге кымбат туруп калат. Эң жок дегенде 10 км кем эмес жол салынса, анда жакын жерге асфальт жана бетон заводун, инерттүү материалдарды өндүрүү үчүн карьерлерди уюштурса болот. Мына ошондо үнөмдөө жагынан мамлекет утабыз. Мамлекеттин акчасын сарамжал, максаттуу пайдаланган болобуз. Бир километр жолду 2-3 эсе кымбат эмес, жолдорубузду 10 километрден кем эмес, керек болсо 100 километрлеп куруп жүрүп олтуруп, буюрса, келечекте ар бир айылга чейин асфальт жеткиребиз. Мектеп, бала-бакча, спорт залдарды курууда дагы ушундай көрүнүштөр бар эле. Мисалы бир айылда жакшынакай мектеп, бала-бакча, спорт залдары турса деле жанына кошумча имарат салдырып алган айылдар бар. Албетте ошол айылдан чыккан депутаттын же министрлердин көмөгү менен жасалган иш бул. Ошол эле маалда кошуна айылдарда эскилиги жетип, балдарды окутууга мүмкүн болбой калган 70-80-жылдарда курулган мектептер турат.

Урматтуу депутаттар, урматтуу министрлер, сиздерге да тиешелүү. Мындан ары мындай адилетсиздикке барбай, мамлекеттин каражатын туура жана эффективдүү пайдаланалы. Баарына бирдей карайлы. Баардык айылдарга жетебиз. Чыдап тургула. Жолдорду салабыз. Бүткүл аймактарда социалдык имараттарды жаңылайбыз.

Урматтуу депутаттар, дагы бир маселеге көңүлүңүздөрдү бура кетейин.

Буюрса, Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлап, тармактык комитеттерди, фракцияларды түзүп, иш алып барууга киришесиздер. Мына ошол комитет, фракция жыйындарына ар дайым эле министрлер өздөрү келишин талап кылып, чакыра бербешиңиздерди өтүнөр элем. Мен дагы эки жолу депутат болгом, билем эмне үчүн атайылап Министрдин өзүн чакырасыңар. Айтпай эле коёюн э бул трибунадан? Албетте, айрым учурларда министрлер өздөрү келиши керек болгон мыйзам долбоорлору болот.

Бирок башка учурларда алардын орун басарлары менен иштешсеңиздер. Анткени мен министрлерди 24 саат бою, керек болсо түн уйкусунан ойготуп алып иштеткен учурларым болот. Күндүз зарыл учурларда чакырып калсам, дайыма эле Жогорку Кеңештемин, комитеттин же фракциянын жыйынындамын деп күндө эле ушул жерде жүрүшөт. Министр деген күнү-түнү дебей министрликтин ишин жылдырыш керек негизи. Ошондуктан мындан ары иштин натыйжалуулугу үчүн орун басарлары менен же маселеге тиешелүү адистери менен көбүрөөк иштешсеңиздер. Мына азыр баарыбыз ийри олтуруп, түз кеңешип, көзмө-көз сүйлөшүп жатабыз. Ошондуктан Министрлерге да кулак кагыш кыла кетейин, эл тарабынан тандалып келген Парламент менен дагы сый мамиледе болуңуздар.

Урматтуу депутаттар, мынакей эми жаңы шайлоо да болду, шайлоонун эртеси да болду. Кечээги өткөн шайлоодо дагы бир катар кемчиликтер оркоюп чыгып калды. Адегенде эле шайлоого элдин катышуу санын алалы. Биз шайлоону ачык-айкын, электрондук добуш берүү, аралыктан шайлатуу сыяктуу шарттарды түзүп бергенибизге карабастан, шайлоого келген элдин саны аз болду. Албетте, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди. Бирок биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет, 70%га чыгат деген үмүтүбүз, болжолубуз бар эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан балким, милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын издейбизби, айтор, эл-журтубуздун шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралууда менде. Себеби, добушун саткандар шайлоого сөзсүз катышат экен да, калган жарандарыбыз кайдыгерликтен уламбы же шайлоо маданиятын жеткире албай жатабызбы, иши кылып аз катышып жатышат. Мындай жагдайларды араңыздардан өзүңүздөр да айтып жатасыздар.

Урматтуу эл өкүлдөрү, бул маселени жон териңиздер менен өткөргөн эл өкүлдөрү катары мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрсөңүздөр. Маселен, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө шайлоого катышуу мыйзам чегинде милдеттендирилген. Анын негизинде шайлоого катышуу рейтинги жогорулагандан кийин гана ал мыйзамдардын зарылчылыгы болбой калган, мисалы Түркияда ошондой болгон экен. Мындай мыйзам Сингапурда азыр дагы иштеп турат. Аларда ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү. Эгер жаран шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат экен. Биз ар дайым эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларга таянышыбыз керек. Аларды биздин элдин менталитетине ылайык келтирүү менен пайдалануубуз зарыл.

Урматтуу эл өкүлдөрү!

Эң башкысы саясий коррупция ушул жаңы система менен тыйылды десек болот. Коррупция демекчи, биз ага каршы аёосуз күрөшүп келебиз. Мындан ары бул күрөштү бирге уланталы. Эгерде сиздерде өнүгүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан бул илдет боюнча маалыматыңыздар болсо ачык эле айтып туруңуздар. Бүгүнкү күндө Өкмөттүн деңгээлинде коррупциялык жат көрүнүштөрдү жок кылдык. Бирок, тилекке каршы, ылдый жакта: акимчиликтерде, мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө бул илдеттен арыла албай келе жаткандыгы өкүндүрөт. Токмок, Кара-Балта шаар мэрлеринин иш-аракеттери буга мисал. Дагы бир факты: Новопавловка айыл өкмөтүндө бир эле паркты кайра кайра жасадык деп 3 жыл катары менен отчётто көрсөтүп акчасын жеп жүрүшкөн. Бирок парк жасалган эмес. Мындан ары мындай коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланышат. Өзүңүздөр, мурунку парламент, бул маселе боюнча мыйзам кабыл алып бергенсиздер.

Урматтуу эл өкүлдөрү!

Жогорудагы өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көрүнүштүн баарынын тамыры барып эле ошол парламенттик шайлоолордун таза өтпөгөнүнө, коррупциялык, тааныш билиштик менен кызматка келүү деген жат көрүнүштөргө барып такалчу эле. Келиңиздер, эми мунун баарын артка таштайлы. Мындан ары өлкөбүздөгү саясий маданиятты жогорулатууга, өркүндөтүүгө багыт алалы. “Саясий оюн” дегенди токтотуп, мамлекетибизди алдыга жылдырууга, өнүктүрүүгө ар бирибиз салым кошолу.

Сиздер менен биз баштап берсек, элибиз бизди ээрчийт, саясий маданият акырындап эл арасына сиңет. Бара-бара эл дагы добуштарын арзыбаган акчага, болбогон чай-пайга сатпай, өзүнүн, балдарынын, Ата Мекенинин келечегин ойлоп, “жети өлчөп, бир кесип” депутаттыкка кимдер татыктуу экенин талдап, тандап, анан шайлай башташат. Өткөндө чет өлкөлөрдөн келишкен эл аралык байкоочулар менен жолугушканымда келечекте добуш берүүнү онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш беруу жагын ишке ашырууга аракет кылабыз деген сөздү айткан элем. Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай. Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эле эртең менен кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле.

Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, кылыктарына төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай. Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели.

Урматтуу депутаттар!

Мындан ары бийлик бутактары, баарыбыз “бир жеңден кол – бир жакадан баш чыгарып” иштейли. Өнүгүү жолуна түшкөн, жаңы Кыргызстанды куруу мезгилин, тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Эң башкысы, мүнөт сайын дүйнө өзгөрүп жаткан маалда санариптештирүүнүн аркасында алдыңкы мамлекеттер менен катарлаш жүрүү үчүн өлкөнү өнүктүрөлү деген изги тилек менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бир максатты көздөйлү. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн толук потенциалыбыз бар. Муну элибиз көрүп-билип, ой-пикирлерин сунуштап, айтып да келе жатышат. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн ири долбоорлорду баштадык. Бул долбоорлор боюнча баарыңыздар кабардарсыздар деп ойлойм. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура, өз максатында, өз учурунда пайдаланып калалы. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз ушу тапта экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик. Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат.

Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп турабыз.

Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз. Көрүнүп тургандай, бул жерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына коркунуч келе турган эч нерсе жок. Тышкы карыздарыбызды керек болсо бир күндө төлөп салсак болот. Бул үчүн каражаттарыбыз жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты.Үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен. Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок ошончо суммада төлөп кете беребиз.

Ошентип, 2035-жылдарга барып илгертен бери алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз. Беш жыл мурда эле “карызыбыздан кутулуу үчүн шакек, иймектерибизди чогулталы” деп жүргөн кез эсиңиздерде болсо керек. Өлкөбүздүн алтын валюта запасы үстүбүздөгү жылы 8 жарым миллиард долларга жетти. Эске сала кетсем, 2020-жылы Кыргызстандын алтын валюта запасы болгону 2,4 миллиард доллар болчу. Азыр сегиз жарым миллиард доллар болду. Кыска убакыттын ичинде 6 миллиарддан ашык долларга көбөйтө алдык. Өлкөнүн тышкы саясаттагы мамилелерин жогорку деңгээлге чыгардык. Ар кимибиз Баш мыйзамда белгиленген милдеттерибизди так аткарсак эле элдин үмүт-тилегин, ишеничин актаган болобуз. Сиздер мыйзам долбоорлорун комитеттерден жакшылап бышырып, кынтыксыз иштеп чыгуу менен алектенсеңиздер. Биз ошол кынтыксыз жазылган мыйзамдарды так аткаруунун аракетин көрөлү.

Сот бийлиги адилеттүүлүктүн орношуна, калыстыктын өкүм сүрүшүнө умтулсун. Мына ошондо ийгиликтерди жаратабыз, эл-журтубуз күткөн натыйжаларды алып келебиз, өлкөбүздү алдыга жылдырабыз. Биз депутаттардын ишмердигинин натыйжалуулугу үчүн мына ушул силер олтурган имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук. Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан квартираларды беребиз. Өлкөбүздү өнүктүрүүдө Парламенттин ишинин маанилүүлүгүн эске алып, бардык шарттарды түзүп бергенге аракеттендик.

Эми жаңы дем, жаңы-күч менен мамлекетибизди алдыга жылдырууга ак ниет иштеп, жардам бериңиздер.

Эми элге берген убадаларыңыздарды ишке ашырууда сиздерди ийгиликтер жылоолосун! 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жолу байсалдуу болсун! Сөзүмдүн соңунда Жогорку Кеңешке шайланып келишиңиздер менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”

24