7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Аймактардан келген эл өкүлдөрүнө ипотекалык батирлер берилет»

366

Аймактардан келген эл өкүлдөрүнө ипотекалык батирлер берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

«Биз депутаттардын ишмердигинин натыйжалуулугу үчүн мына ушул силер олтурган имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук.

Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батирлерди беребиз. Кыскасы өлкөбүздү өнүктүрүүдө парламенттин ишинин маанилүүлүгүн эске алып, бардык шарттарды түзүп бергенге аракеттендик. Эми жаңы дем, жаңы күч менен мамлекетибизди алдыга жылдырууга ак ниет иштеп, жардам бериңиздер», — деди президент Садыр Жапаров.

367