7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланат»

224

Коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Президент эл өкүлдөрүнө кайрылып, коррупцияга каршы иштер улантыларын, эгерде өнүгүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан бул илдет боюнча маалыматтары болсо, ачык эле айтып турууларын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө өкмөттүн деңгээлинде коррупциялык жат көрүнүштөрдү жок кылдык.

Бирок, тилекке каршы, ылдый жакта, акимчиликтерде, мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө бул илдеттен арыла албай келе жаткандыгы өкүндүрөт. Токмок, Кара-Балта шаар мэрлеринин иш-аракеттери буга мисал. Дагы бир факты. Новопавловка айыл өкмөтүндө бир эле паркты кайра-кайра жасадык деп 3 жыл катары менен отчётто өрсөтүп, акчасын жеп жүрүшкөн. Бирок парк жасалган эмес. Мындан ары мындай коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланат”, — деди Садыр Жапаров.

225