Салык кызматы 2025-жылдын соңуна карай жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эң көрүнүктүү жана маанилүү окуялардын бири — Салык кызматындагы жаңы тарыхый рекорд болуп саналат. Салык кызматы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча планды мөөнөтүнөн мурда аткарган.
2025-жылга карата план 268,3 млрд сомду түзгөн жана бул көрсөткүч ноябрь айында толугу менен аткарылды.
Мындан тышкары, алдын ала маалыматтарга ылайык, жыл аягына чейин жалпы түшүүлөр 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн. Бул туруктуу өсүү динамикасын ачык-айкын көрсөтөт.
2025-жылдын январь–ноябрь айларында бюджетке 275,7 млрд сом салык жана төлөмдөр түшкөн. Бул пландан 12,3 млрд сомго, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 71,9 млрд сомго көп.
Оң динамика социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да байкалууда: 11 айдын ичинде 74,1 млрд сом жыйналып, бул пландан жана өткөн жылдагы көрсөткүчтөн ашты.
11 айдын жыйынтыгы боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы жыйым 349,8 млрд сомду түздү.
📈 Мындай жыйынтыктар жүргүзүлүп жаткан реформалардын, салык кызматтарын санариптештирүүнүн, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүүнүн жана салыктарды ыктыярдуу төлөөнүн өсүшүнүн аркасында ишке ашты.
Салык кызматынын тынымсыз эмгегинин жана жарандар менен бизнес өкүлдөрүнүн салыктык милдеттенмелерин жоопкерчилик менен аткаруусунун жалпы жыйынтыгы.



