7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гидропоника ыкмасы менен экологиялык таза продукция өндүрүлүүдө

375

Гидропоника ыкмасы менен экологиялык таза продукция өндүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынан тартып Мунара Нуралиева гидропоника ыкмасын ийгиликтүү өздөштүрүп, чакан компаниясын ачкан. Ишкана учурда буудайдан өндүрүлгөн жашыл чөптү пайдаланып, витаминге бай, органикалык шире даярдоо менен алектенет.

Өндүрүш процесси толугу менен экологиялык талаптарга жооп берип, химиялык кошулмалар колдонулбайт. Мындан тышкары, шире өндүрүүдөн калган калдыктар кайра иштетилип, мал чарбасында пайдалуу тоют катары берилүүдө. Бул ыкма ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасында туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.

Компания саламат жашоо образын колдоого алып, жергиликтүү рынокко сапаттуу, органикалык продукция сунуштоону максат кылат.

376