Кино искусствосу жана илимдери академиясы YouTube платформасы менен келишим түзүп, ага “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземин түз эфирде көрсөтүү боюнча эксклюзивдүү укук берди. Бул тууралуу сыйлыктын расмий сайтында маалымдалганын Известия агенттигине таянып, Кабар маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, YouTube менен түзүлгөн көп тараптуу глобалдык өнөктөштүк келечекте “Оскар” аземин жана академиянын жыл бою өтүүчү программаларын көрсөтүүчү негизги платформа болот.
Академиянын башкы директору Билл Крамер жана президенти Линетт Хауэлл Тейлор билдиргендей, келишим 2029-жылы өтө турган 101-аземден тартып күчүнө кирип, 2033-жылга чейин уланат.
Ошондой эле “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин расмий тизмеси 22-январда жарыяланат. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 15-мартта өтөт.



