7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Свердлов районунда волейбол боюнча Мектеп лигасы өтүүдө

37

Бишкек шаарында төрт район боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары арасында Мектеп лигасы өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештер спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлүүдө: бадминтон, балдар жеңил атлетикасы, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол, пионербол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, ордо жана шахмат.

Мектеп лиганын алкагында Свердлов районунда кыздар жана балдар арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Кыздар арасында волейбол боюнча мелдештер 1-декабрдан 7-декабрга чейин өтүп, ага 21 команда катышты. Командалар 4 тайпага бөлүндү.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү орундар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
•I орун — №1 орто мектеп;
•II орун — №94 орто мектеп;
•III орун — №51 орто мектеп;
•IV орун — №11 орто мектеп.

Балдар арасында волейбол боюнча мелдештер 8-декабрдан 13-декабрга чейин өткөрүлүп, ага 24 жалпы билим берүүчү мектеп катышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
•I орун — №32 орто мектеп;
•II орун — №105 орто мектеп;
•III орун — №66 орто мектеп;
•IV орун — №94 орто мектеп.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Биринчиден төртүнчүгө чейин орунду ээлеген командалар Мектеп лигасынын шаардык этабына катышуу мүмкүнчүлүк алышат.

Мектеп лигасы жыл сайын Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулат.

38