7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Япониянын Императору Нарухито менен жолугушту

21

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын императору Нарухито менен жолугушту.

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланды.

Император Нарухито Мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, анын сапары кыргыз-япон мамилелерин мындан ары тереңдетүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Президент кыргыз эли достук мамиледеги япон элине карата чын ыкластуу жылуу сезимде экенин, анын маданиятын жана каада-салттарын жогору баалай турганын айтты.

Садыр Жапаров Осака шаарындагы ЭКСПО-2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн ийгиликтүү өткөрүлгөнүн жогору баалап, Кыргызстандын Улуттук павильонуна «Жашоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» категориясында алтын сыйлыктын ыйгарылышынын маанисин белгилеп өттү. Президент Япониянын технологияларынын жана билим берүү программаларынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшкөн Япониянын стипендиялык программасы өзгөчө белгиленди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жаштарынын япон тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын, учурда өлкөнүн төрт жогорку окуу жайында 700гө жакын студент японтаануу жана япон тили боюнча билим алып жатышканын айтты.

Садыр Жапаров Императордун суу ресурстары жаатындагы илимий ишмердүүлүгүн жогору баалап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал Император Нарухитону 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Император Нарухитону өзүнө ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

22