7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Россияда согушка тартылган кыргызстандыктын ишин көзөмөлгө алды

21

Россияда согушка тартылган кыргызстандыктын иши көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликке «Азаттык» үналгысынын чет мамлекеттин аймагында уулунун согуштук аракеттерге катышуусу боюнча кайрылган Н. аттуу жарандын абалы тууралуу видеоматериалына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

18-декабрда аталган жаран «Азаттык» үналгысынын журналистинин коштоосунда Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосуна мурда Россияда эркиндигинен ажыратууга соттолгон уулун согуштук аракеттердин аймагына жөнөтүлүшүнө жол бербөө өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээси министрликтин Консулдук департаментинин жетекчилиги тарабынан жеке кабыл алынды. Кабыл алуунун жыйынтыгында андан тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынды.

Жарандын кайрылуусу белгиленген тартипте иштеп чыгууга алынды. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине тиешелүү тапшырма берилди.

22