7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо аянтын суу каптадыбы? Расмий жооп

354

Социалдык тармактарда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтын суу каптады деген видео тараган. Видеодон «тазалыкчылардын» сууну күрөк менен тазалап жатканын көрүүгө болот. Шаар тургундары «бир жарым жыл мурун аянтты реконструкция кылганда эмнеге бул кемчиликтер эске алынган эмес» деп нааразы болушкан.

Бул боюнча Биринчи Май райондук администрациясы жооп берди. «Суунун топтолушу жааган кардын жана мурда орнотулган дренаждык системага суу топтолуп калганынан келип чыгып, бул суу агуу процессин убактылуу кыйындаткан.

Бүгүнкү күндө атайын техникалардын жардамы менен аймакты тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө»,— дешти.

355