7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда япониялык пробиотиктер чыгарылышы мүмкүн

339

Бүгүн, 19-декабрда Токио шаарында “Борбордук Азия + Япония” бизнес-форумунун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd. компаниясынын жетекчиси Номибицу Акай менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу максатында Кыргызстанда пробиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул жерде япон сапат стандарттарын жана JFR Co. Ltd. компаниясынын технологияларын колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар Кыргызстандагы агроөнөр жай секторуна заманбап биотехнологиялык чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууну талкуулашты.

Мындан тышкары, алар биотехнология тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти

340