7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто алгачкы ирет эки бейтапка боор трансплантациясы жасалды

147

Бүгүн, 19-декабрь Ош облусунда алгач ирет боор трансплантациясы жасалып, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов операциянын жыйынтыгы менен таанышты.

Ал Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборуна барып, боор трансплантациясы боюнча жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгы жана бейтаптардын операциядан кийинки абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы профилдик бөлүмдөрдү кыдырып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты жана донор менен реципиенттин операциядан кийинки дарылоо процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эки бейтап тең туруктуу медициналык көзөмөлдө болуп, абалдары туруктуу деп бааланууда.

Министрге 2025-жылдын 13-декабрында ОшМУнун Медициналык борборунда боор трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган. Бул операция Кыргыз Республикасынын түштүгүндө алгач ирет аткарылган трансплантация болуп саналат.

 

148