7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныбек Досмамбетов Ош облустар аралык клиникага барып, жабдууларын текшерди

14

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын инфраструктурасы жана жабдууларынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анда ал ыкчам кардиология жана рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмдөрүнө барып, медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө оорукананын директору Атабек Жумалиев ведомствонун башчысына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле регион калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, оорукананын жетекчилиги компьютердик томограф учурда толук көлөмдө иштеп жатканын, ал эми ангиографиялык аппарат тетиктеринин эскиришине байланыштуу иштен чыкканын маалымдады.

15