Эл аралык “Манас” аэропортунда айрым эл аралык каттамдар кармалып, айрым каттамдар токтотулууда. Бул тууралуу аэропорттун расмий сайтындагы онлайн учактар тактасында айтылат.
Жүргүнчүлөр да каттамдардын кармалышы жана токтотулгандыгы тууралуу маалыматты тастыкташты.
Эскерте кетсек, 19-декабрь кечкурун коюу тумандан улам график үзгүлтүккө учурай баштаган. Аэропорт тумандан улам 500 метрден ашык көрүүгө мүмкүн болбой жатканын, учактын конушун бир топ кыйындатканын билдирген.



