7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Текебаев: Барлебен шаары 10 миңге жакын жумушчу кабыл алууга даяр

439

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 19-декабрда Барлебен шаарынын мэри Франк Назе жана жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп, кызматташууну келишти. Бул тууралуу ал социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Барлебен шаарына 8-10 миң жумушчу керек.

“Калкы болжол менен 10 миң адамды түзгөн шаарда бүгүнкү күндө 8 миңге жакын адам иштейт. Ошол эле учурда шаар экономикасы дагы кошумча 8–10 миң жумушчу күчүнө муктаж. Барлебен шаары Магдебург шаарынын жанында жайгашкан. Анын аймагында жүзгө жакын ишкана иш алып барат, мындан тышкары миңге жакын ишкана каттоодон өткөн. Шаардын ички дүң өнүмү (ИДП) 700–800 млн еврону түзөт. Шаар Кыргызстан менен кадрларды даярдоо, жарандарды жумушка орноштуруу жана өндүрүштүк байланыштарды өнүктүрүү багытында кызматташууга кызыкдар. Бургомистр ашыкча бюрократиясыз колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде жумушка орноштуруу жана турак жай маселелерин чечүүгө даяр экенин ырастады. Апрель айында ишкерлер ортосунда түз байланыштарды түзүү максатында чакан бизнес-форум өткөрүү, ошондой эле Барлебен шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордош шаар мамилесин түзүү боюнча макулдашууга жетиштик. Кол ийрисине тартат дегендей, Барлебен менен Базар-Коргон шаарын достоштуруп койсомбу деп турам”, — дейт ал.

440