7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдан Кыргызстанга курулуш материалдарын түз жеткирүү маселелери талкууланды

11

Кечээ, 19-декабрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Үрүмчү шаарындагы кыргыз-кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатындагы түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чарага катышты.

Иш-чара Курулуш министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандан 30дан ашык ири курулуш компаниялары, ал эми Кытай тарабынан Үрүмчү шаарынан 70тен ашык курулуш материалдарынын өндүрүүчүлөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түз жеткирүү каналдарын түзүү, продукциянын сапатын жогорулатуу, стандарттар жана логистикалык маселелер боюнча пикир алышты. Аталган иш-чара Кыргызстандын курулуш тармагына заманбап технологияларды тартууга жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгүнүн алдындагы «Кыргыз-Кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташтык борборунун» алкагында өткөрүлдү.

12