7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын «Пулково» эл аралык аэропортуна конду. Президентти Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүүнү, каботаждык ташууларды өнүктүрүүнү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле КМШ багыты боюнча өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгы боюнча ЖЕАК жыйынынын күн тартибинин алкагында тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

5