7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты 

354

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Президент Садыр Жапаровду, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевди Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары үчүн программанын башында Мамлекеттик Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү. Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

355