Бишкекте транспорт каражатын мас абалында башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жасалма экени аныкталган. Анын айтымында, ал бул күбөлүктү кайсы жерде жана кандай шартта алганын эстей алган эмес.
«Бул факты боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү.
Унаа айып короого коюлуп, айдоочунун өзү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБине тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеткирилди», — делет маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



