7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алышат

8

Министрлер кабинети 2026-жылдагы жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 12-январга чейин узартты.

Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 8 жана 9-январындагы жумуш күндөрүн башка ишембилерге — 7-февралга жана 25-апрелге которууну сунуштаган.

Министрлик бул долбоор кызматкерлердин майрамдык жана эс алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануусу, ошондой эле жыл башында социалдык жана экономикалык жактан жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкканын белгилеген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, каникулдарды узартуу бир нече маселени чечүүгө багытталган:

  • Сезондук оорулардын алдын алуу: Адатта январь айынын алгачкы жумаларында күчөгөн оорулардын деңгээлин төмөндөтүү;
  • Үй-бүлөлүк эс алуу: 2026-жылы мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 12-январга чейин белгиленгенин эске алуу менен, ата-энелердин балдары менен бирге эс алуусуна шарт түзүү;
  • Экономиканы колдоо: Кышкы сезондун эң кызуу учурунда ички туризмди стимулдаштыруу жана чакан жана орто бизнести колдоо;
  • Энергияны үнөмдөө: Кышкы электр энергиясынын таңкыстыгы шартында энергия тутумуна жана коммуналдык инфраструктурага болгон жүктөмдү азайтуу.
9