7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ниязбеков: «Мыйзам бузган кызматкерлерге жана үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы катуу чаралар көрүлөт»

233

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактыларына карата катуу жана принципиалдуу чаралар көрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу ал lV Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей жана милдеттүү. Кызматтык макам, атайын наам, иш тажрыйбасы же мурдагы жетишкендиктер мыйзамга каршы аракеттерди актабайт. Милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамды же кызматтык тартипти бузган ар бир учур кылдат, калыс жана катуу укуктук баага ээ болот.

Министр белгилегендей, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен мыйзам бузган кызматкерлер кызмат ордунан бошотулуп, ички иштер органдарынан чыгарылып, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди. Ниязбеков мындай көрүнүштү эч кандай жагдай менен актоого болбой турганын белгилеп, үй-бүлө коопсуздуктун жана тынчтыктын орду болушу керектигин баса көрсөттү. Үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир фактысы боюнча милиция кызматкерлери ыкчам чара көрүүгө милдеттүү.

Жабырлануучуларды коргоону, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну жана мындай фактыларды жашырууга жол бербөөнү камсыз кыларын билдирди. Адамдын коопсуздугу эң жогорку баалуулук экени белгиленди.

Мындан тышкары, ички иштер органдарында алдын алуу иштери, өздүк курамдын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жана жетекчилердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлүп жатканын билдирди.

234