7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэриясы ачык асман алдындагы майрамдык кечеге чакырат

128

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун ачык асман алдындагы музыкалык кечти чогуу өткөрүүгө чакырат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Бүгүн, 2025-жылдын 26-декабрында, саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Кыргыз-Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли концерттик программа тартуулайт. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

Кеченин конокторун чыныгы майрамдык жана жылуу маанай, жандуу музыка, улуттук обондор, жаңы жыл алдындагы шаңдуу атмосфера жана артисттердин жаркын өнөрлөрү күтөт. Бул үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен жагымдуу убакыт өткөрүп, эстеликке сүрөткө түшүүгө, Жаңы жылдын жакындап калганын сезүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Бардык каалоочуларды концертке келип, алдыдагы Жаңы жылдын кубанычын бирге бөлүшүп, бул кечти майрамдык, жылуу жана достук маанайда өткөрүүгө чакырабыз!

129