7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде “Мега Газаблок” ишканасы иштеп баштады

378
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы “Мега Газаблок” ишканасы салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүк билдирди.
Ишкана бүгүн өлкөдө ачылган 94 ишкананын катарында, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.
Жеринен саамалыкка КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.
Ишкананын долбоору үчүн, “Мега Газаблок” ЖЧКсы 18,0 млн доллар инвестиция салган.
Немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, экологиялык таза курулуш материалын чыгарууда.
Завод күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат.
Бул өндүрүштүн ачылуусу, чек арадагы айыл үчүн экономикалык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
379