7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз элинин басып өткөн жолун жана келечегин чагылдырган “Улут деми — Уңгу жол” гобелени

8

Бүгүн Улуттук тарых музейинде “Улут деми — Уңгу жол” аталган өлкөдө алгачкы жолу ири масштабда жазылган гобелендин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Гобеленди жаратуу ушул жылдын январь айында башталып, дээрлик 10 айды талап кылган. Бул Кыргызстанда көп улуттуу коомдун биримдигин жана ынтымагын даңазалаган декоративдик колдонмо искусствонун монументалдык чыгармасы болуп саналат. Композицияда өлкөбүздүн тарыхы, бүгүнкү күндөгү турмушу жана келечекке болгон үмүтү өз ара жуурулушуп көркөм образ аркылуу чагылдырылган.

Гобелендин автору КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Анара Искакова бул эмгекти аткаруучу топ менен биргеликте жаратышкан. Ошондой эле аталган гобеленди аткарууга КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов өзүнүн зор салымын кошкон.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.38.13.jpeg

Белгилүү болгондой, кыргыз элинин басып өткөн жолун жана келечегин чагылдырган бул чыгарманын бийиктиги 3 м 30 см, туурасы 6 м 80 см түзөт.

9